Гамма нурлануу, γ -нурлануу — атомдун дүүлүккөн ядросунан бөлүнүп чыккан кыска толкундуу (λ<10-8см) жана чоң энергиялуу (10 кэВтон 5МэВко чейинки) электр-магниттик нурлануу (фотон). Ал ядролук реакциялар учурунда бөлүнүп чыгат. Радиоактивдүү элементтердин ядролук бөлүнүшүндө пайда болгон α-, β районурлары менен катар мындай кыска толкундук электр-магниттик нурлануулар γ -нурлары деп аталат. γ -нурларын гана бөлүп чыгаруучу радиоактивдүү атомдор массалык саны, катар орду жана ядросунун заряды боюнча өзгөрбөйт. Себебп, γ -фотондору тынч абалдагы массага жана зарядга ээ эмес. Көпчүлүк учурда энергиясы 100 кэВтон ашкан ар кандай электр-магниттик нурланууларды (фотондорду), ошондой эле айрым элементардык бөлүкчөлөрдүн бөлүнүшүндө да пайда болгон фотондор γ -фотондор деп аталат. Гамма нурлануунун негизги мүнөздөөчүсү — анын энергия спектри. Атомдук ядро баштапкысынан аз энергиялуу Экинчи абалга өткөндө, энергиясы эки абалдагы энергиянын айырмасына барабар болгон γ -квантты нурландырат. Ядронун ар бир абалына белгплүү энергия туура келгендиктен, ядролук гамма нурлануу сызыктуу спектрге ээ. γ -нурларынын зат аркылуу өтүү жөндөмдүүлүгү анын энергиясына жана заттын табиятына жараша болот.

Колдонулган адабияттарОңдоо