Гамма -cпектрометр— гамма нурлануунун энергиялык спектрлерин өлчөөчү прибор. Бул спектрометр энергиялары боюнча бири бирине өтө жакын болгон γ -сызыктарын ажыратууга жөндөмдүү. Гама-спектометр негизинен магниттик, кристалл дифракциялык жана сцинтилляцпялык болуп бөлүнөт. Магниттик гама-спектометр кандайдыр нерсенп γ -нурлары менен нурландырууда бөлүнүп чыккан Экинчи электрондук нурланууларды талдоо үчүн пайдаланылат. Гама-спектометрдин иштөө прпнцпбп γ -нурунун крпсталл торчодон чагылуусуна негпзделген. Өлчөөдө мүмкүн болгон жогорку тактыкты дифракциялык Гама-спектометр бере алат. Сцинтилляциялык Гама-спектометрде γ -нурун талдоо сцпнтпллятордо Экинчи прет пайда болгон электрондордун жардамы менен жүргүзүлөт. Чоң энергиялуу γ нурун изилдөөдө ядролук фотоэффект кубулуштарын колдонууга болот. γ -нуру кагып чыгарган нуклондордун энергиясын аныктоо пондоштуруучу камералар, фотопластинкалар жана башка приборлордун жардамы менен ишке ашат. Аз энергиялуу унурунун энергиясын аныктоо үчүн пропорцпялык санагычтар колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү