Гангстеризм (англ, gangster—бан­дит) — сөздүн кеңири маанисинде АКШдагы уюшуп кылмыш кылуучулук.

Уюшкан кылмышкерлер баюу максатында граждандарды өлтүрүшөт, опузалашып зордук кылышат, каракташат, чиновниктер менен ишмерлерди сатып алышат.

Гангстеризмдин бийлөөчүлөрү жанa «букаралары» бар, ички тартиби өтө катуу, өз алдынча туюк жашаган кылмыштуу уюм, мекоме, бизнес десе да болот.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.