"Ганди" (англ. Gandhi) - 1982-жылы тартылган Британия-Индиянын эпикалык өмүр баян драмасы. Тасма ХХ кылымда Индиялагы Британия колониясына каршы зомбулуксуз көз карандысыздык кыймылдын лидери Мохандас Карамчанд Гандинин жашоосун чагылдырат. Сценарийин жазган Жон Брайли, ал эми режиссер жана продюсери Ричард Аттенборо. Баш каарманды Бен Киңсли ойногон. Тасма Гандинин өмүрүнүн 1893-жылы Түштүк Африканын поездинде актар гана кирчү купесине кирип алганы үчүн поездден ыргытылган жерден тартып, 1948-жылы киши колдуу болуп каза тапкан соң тажиясына чейинки мерчемин камтыйт. Ганди индуизм динине ишенгени менен тасмада христиан жана ислам сыяктуу башка динди да сыйлаганы сүрөттөлөт.

Ганди (тасма)
Режиссеру Ричард Аттенборо
Продюсер Ричард Аттенборо
Жазуучу Жон Брайли
Оператору
Тартылгандар
Музыкасы
Редактору Жон Блум
Жайылтуучу Columbia Pictures
Чыккан жылы
  • 30 ноябрь 1982 (1982-11-30) (Нү-Дели)
  • 3 декабрь 1982 (1982-12-03) (Улуу Британия)
  • 10 декабрь 1982 (1982-12-10) (АКШ)
Узактыгы 191 мүн.[1]
Өлкөсү  Улуу Британия
 Индия
Тили Англис
Бюджети $22 млн[2]
Киреше $127.8 млн[2]

"Ганди" 1982-жылы 30-ноябрда Индияда, 3-декабрда Британияда, 10-декабрда Америкада көрсөтүлгөн. Тасма Оскар сыйлыгынын 11 наамына көрсөтүлгөн жана "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер" (Аттенборо), "Эң мыкты актер" (Бен Киңсли), "Эң мыкты сценарий" (Брайли) сыяктуу 8 сыйлык утуп алган. Тасма 2016-жылы 12-августта Индия фильм фестивалы башкармалыгы жана Коргоо министрлиги тарабынан Көз карандысыздык күнү фильм фестивалында Индиянын 70 жылдык көз карандысыз күнүнө арналып фестивалды ачуучу тасма катары кайрадан көрсөтүлгөн. Тасманын сценарийи китеп болуп басылып чыккан.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Gandhi. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 9 -январь (үчтүн айы) 2015.
  2. 2.0 2.1 Gandhi (1982) - Box Office Data, DVD and Blu-ray Sales, Movie News, Cast and Crew Information. The Numbers. Текшерилген күнү 27 -январь (үчтүн айы) 2015.