Ганноверлер династиясы - 1714-1901-ж. башкарган англиялык королдор династиясы. Стюарттар династиясынан кийин бийликке келген. Ганноверлер династиясынын өкүлдөрү: Георг I (1714-27-ж. башкарган), Георг II (1727-60), Георг III (1760-1820), Георг IV (1820-30), Вильгельм IV (1830-37), Виктория (1837-1901). Германдык Саксен-Кобург-Гот герцогдорунун өкүлү принц-консорт Альберт менен Викториянын уулу Эдуард VII Саксен-Кобург-Гот династиясынын (1917-жылдан Виндзорлор династиясы) алгачкы башкаруучусу болуп калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү