Гапуров, Мухамедназар (15. 2. 1922- ж. т., Түркмен ССРи, Чаржоу р-ну, Октябрь кыш. 13 июль 1999) — сов. мамлекеттик жанa парт, ишмер. 1944-жылдан КПСС мүчөсү.

Дыйкандын үй-бүлөсүнөн. 1954-ж. Чаржоу пед. ин-тун бүтүргөн. 1941—43-ж. Улуу Ата Мек. согушка катышкан.

1944—48-ж. Түркмөн КП Сакар райкомунун инструктору, болүм башчысы жанa секретары. 1948— 51-ж. комсомолдун Чаржоу обкомунун биринчи секретары, 1951—55-ж. Түркмөн ЛКСМ БКнын секретары. 1956—57-ж. Түркм-н КП Чаржоу обкомунун бөлүм башчысы, 1957—62-ж. секретары ж-a биринчи секретары, 1962—63-ж.

Туркм-н КП БКнын сек­ретары. 1963-жылдын мартынан Турк­мен ССР Мин. Советинин пред-лп, 1969-ж. декабрдан Түркм-н КП БКнын биринчи секретары. КПССтин 22-25- съезддеринин делегаты. 23-съездде КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 24—25-съезддеринде КПСС БКнын мучосу. СССР Жог. Советине (6—9шайл.) депутат. Ленин ордени, башка 3 орден жанa медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.