Гардизи, Абу Саид Абдулхайй

Гардизи Абу Саид Абдал - Хайй (перс. ابوسعید عبدالحی بن ضحاک بن محمود گردیزی‎), (1008/1009–өлгөн жылы белгисиз) – иран тарыхчысы, окумуштуу. Газневилик султан Абдырашиттин (1049–59-жылдар) тушунда Гардизи өзүнүн «Зайн-ал-ахбар» («Кабарларды кооздоп сүрөттөө») деген тарыхый эмгегин жазган. Бул эмгегинде Иран халифаты жана Хорасандын тарыхын изилдеген.

Анда түркий тилде сүйлөгөн элдер жөнүндө, кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтар, даректүү баяндар жолугат. Айрыкча кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарда Ибн Мустафа, Ибн Хордадбех, Жайхани жана башка орто кылымдагы окумуштуулардын эмгектерин колдонгон.

Гардизинин кыргыздар тууралуу маалыматтары «Худуд ал Аалам», «Мажму ат-Таварих» жана башка булактар менен дал келет. Гардизи берген далилдер кыргыздардын этностук, саясий, маданий тарыхын үйрөнүүдө өтө маанилүү.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Бартольд В. В. Гардизи // Бартольд В. В. Сочинения. — М.: Наука, 1973. — Т. VIII: Работы по источниковедению. — С. 589.

Айрым шилтемелер түзөтүү