Гардизи Абу Саид Абдал Хаййа

Гардизи Абу Саид Абдал Хаййа - (1008/1009-ж. чен -өлгөн жылы белгисиз) иран тарыхчысы, окумуштуу. Газневилик султан Абдырашиттин (1049-59) тушунда Гардизи өзүнүн «Зайн-ал-ахбар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») деген тарыхый эмгегин жазган. Бул эмгегинде Иран халифатынын жана Хорасандын тарыхы баяндалган. Анда түрк тилинде сүйлөгөн элдер жөнүндө, андан ичкери кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтар, даректүү баяндар жолугат. Айрыкча кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарда ибн Мустафа, ибн Хордадбек, Жайхани жана башка орто кылымдагы окумуштуулардын эмгектерин колдонгон. Гардизинин кыргыздар тууралуу маалыматтары «Худуд ал Аалам», «Мажму ат-Таварих» жана башка булактар менен дал келет. Гардизи берген далилдер кыргыздардын этностук, саясий, маданий тарыхын үйрөнүүдө өтө маанилүү. 3. Эралиев.

Колдонулган адабияттар түзөтүү