Гареев күздүгү - алма сорту. Курск ренети менен боровинка алма сортторун кыйыштыруудан алынган. Анча бийик эмес, сейрек бутактуу, жыш мөмөлөйт. Суукка байымдуу, 4-5 жылдык дарагы мол түшүм бере баштайт. Температуранын тез өзгөрүшү ага көп таасир этпейт. Мөмөсү тоголок же сүйрү, ортосалмагы 120 г, саргыч, мала кызыл, ширелүү, даамдуу. Сентябрдын башында бышат, ноябрдын ортосуна чейин сакталат. Гареев күздүгү КР ИАнын Ботаника багында чыгарылып, Э. З. Гареевдин атынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү