Гарниерит
Гарниерит - (француз геологу Ж. Гарньенин ысмынан), нумеит минерал. Химиялык формуласы Ni4[Si4O10] (OH)4-4H2O. Кристаллданбайт. Өңү жашыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2-2,5. С. салм. 2,5-2,8. Никелге бай ультранегиздүү тоотектердин бузулуп талкаланышынан пайда болот. Гарниерит никель кенташынын минералы.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4