Гарри Поттер жана Жалын чөйчөгү (тасма)

"Гарри Поттер жана Жалын чөйчөгү" (англ. Harry Potter and the Goblet of Fire, орус. Гарри Поттер и Кубок огня) — 2005-жылы экрандаштырылган британ-америка тасмасы. Режиссеру Майк Нүэлл, жайылткан Warner Bros. Pictures. Жоан Кэтлин Роулиңдин ушул эле аталыштагы романына негизделип тартылган. "Гарри Поттер" сериясындагы 4-тасманын сценарийин Стив Кловз жазган, продюсери Дэвид Хейман. Кинотасмада Гарри Поттердин Хогвартстагы төрртүнчү жылы тууралуу баяндалат. Ал Жалын чөйчөгү тарабынан Үч сыйкырчы таймашына катышуу үчүн тандалып алынат.

Тасмада Дэниел Рэдклифф Гарри Поттердин образын жаратат. Аны менен кошо Руперт Гринт (Рон Уизли) менен Эмма Уотсон (Гермиона Грейнжер) Гарринин эң жакын досторунун ролдорун аткарышат. Бул фильм "Гарри Поттер жана Азкабан туткуну" тасмасынан кийин жана "Гарри Поттер жана Феникс ордени" тасмасынан мурун тартылган.

Кинотасма Оскар сыйлыгынын "Эң мыкты сүрөтчү-коюучу" номинациясына көрсөтүлгөн жана БАФТАнын "Эң мыкты сүрөтчү-коюучу" сыйлыгына татыган. "Жалын чөйчөгү" бул сериядагы IMAX форматында экрандаштырылган экинчи тасма. Бул сериядагы эң жакшы ой-пикирлерге ээ болгон фильм. Каармандар, сюжеттик линия, сценарий жана башкы каармандардын аткаруу чеберчилиги өтө жогору бааланган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү