Пьер Гассенди (1592—1655) — Жаңы замандагы антисхоластикалык сенсуализмдин жана эпикуреизмдин өкүлү.

Пьер Гассенди.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Ата-теги боюнча дыйкан үй-бүлөдөн чыккан, Экс-ан-Прованстагы университетти бүтүргөн, бирок андан кийинки бүткүл өмүрүндө дин кызматчысы болгон. Ошол мезгилге ылайык кеңири философиялык жана илимий билим алган, математикага, астрономияга кызыккан. Өз мезгилиндеги көптөгөн интеллектуалдар менен, алардын ичинде Мерсенндин ийрими менен тааныш болгон. Бир нече философиялык эмгектерди, алардын ичинде Декартка каршы эмгекти жазган. Анын «Метафизикалык ой жүгүртүүлөргө каршымын» деген эмгегине Декарт жооп кайтарганда Гассенди кайра дагы «Каршы жоопту» жазат. Анын калем сабына ошондой эле «Аристотелчилерге каршы парадоксалдуу көнүгүүлөр...», «Эпикурдун философиясынын жыйнагы» деген чыгармалар таандык. Гассендинин эң маанилүү эмгеги — «Философиянын системасы».

Чыгармачылыгы түзөтүү

 
Пьер Гассенди.

Өзүнүн чыгармаларында Гассенди эч нерсе бербей турган схоластикалык философиялык ой жүгүртүүлөргө эпкиндүү каршы чыгат. Аристотелдин терең ойчулдугуна тийиштүү баа берүү менен, схоласттар идолго айландырып жиберишкен Аристотелдин идеяларын сынга алып, Аристотелдин мааниси өтө апыртылып жиберилген деп эсептейт.

Гассенди тажрыйбалык-дедуктивдик жол менен биз салыштырмалуу акыйкатка гана жетише алабыз деп эсептеп, догматизмге каршы күрөшкөн. Ал сенсуализмдин позициясын коргогон: мурда туюм-сезимде болбогон нерсе акыл-эсте да болбойт. Гассснди үчүн сезимдер гана биздин билимдерибиздин критерийи, ал эми дээр болсо — туюм-сезимдердин ортосундагы байланыштыруучу звено гана. Дээр туура эмес аракет кылганда жаңылыштык пайда болот. Гассенди үчүн кала берсе аналитикалык абал да (мисалы, «бөлүктөн бүтүн коп») эмпирикалык болуп саналат.

Мына ушул позициядан Гассенди Декарттын рационализмине каршы чыгып, Декарт адам акылынын аныктыгын жана толук жетиштүүлүгүн далилдеп бере алган эмес деп эсептеген. Ал Декарттын «Жообуна жаңы каяшасында» мындай деп жазат: «Акыл бул ойлоочу деп түшүнүү менен сен Күндү жылуулук бере турган нерсе деп түшүнгөн сокурга окшойсуң».

Картезиянын идеялары тууралуу түзөтүү

Гассенди Картезиянын (Декарттын) идеялардын тубасалыгы жөнүндө окуусуна каршы чыккан. Ал математикалык түшүнүктөр да тажрыйбадан келип чыгат, ал эми геометриялык аксиомалардын тубасалыгын көрсөтүү үчүн Декарт таянган ачыктык жана тактык бар болгону адашкандык гана болуп саналат, анткени убакыттын өтүшү менен адегенде ачык болуп көрүнгөн идеялар кийин күңүрт болуп калышы мүмкүн.

Гассенди Эпикурдун философиясын кайрадан калыбына келтирүүгө аракеттенет. Өзүнүн бул аракетинде негизинен христианчылыктын алдында эпикуреизмди актоону каалагандыгын жетекчиликке алган. Ошондуктан Гассендинин окуусунда анын этикалык көз караштары борбордук орунду ээлейт. Ал гедонизм жөнүндөгү эпикурдук окуу туура талкууланып түшүндүрүлгөн эмес деп эсептейт. Бул баарынан мурда жыргал түшүнүгүнө тийиштүү, муну сезимдик жыргалчылык катарында эмес, бакытка умтулуу катарында түшүнүү керек. Адам жетекчиликке ала турган башкы изгилик бул акыл-эстүүлүк. Мындан Гассендинин башкы корутундусу келип чыгат: «Бакыт философиясы дегенибиз — бул ден-соолуктун философиясынан башка эч нерсе эмес» [Чыг. 1-т. 318-6.]. Өлүмдөн коркпоону бактылуу жашоонун негизги шарты деп эсептеп, Гассенди: өлүм өлгөндөргө да, тирүүлөргө да азап алып келе албайт деген жобого таянуу зарыл дейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү