Гастрофилёздор (Gastrophiloses) — сыңар туяктуу малдын инвазиялуу ылаңы. Gastrophilus уруусундагы ылаа окурасы пайда кылат. Жылкы жайында ылаа учкан мезгилде ылаңдайт. Ылаа жылкы денесине 600гө жакын жумуртка таштайт, андан 4-10 күндө личинка пайда болуп, былжыр челге өтөт да, 2-3 жумада түлөйт жана ичеги карынга өтөт. Жылкы кашынганда жана башка учурда жуктурат. Окура карын менен он эки эли ичегинин былжырлуу челин жаралантып, 9-10 айга чейин мителик кылат. Ичеги-карындын иштеши бузулуп, мал арыктайт. Дары катары хлорофос жана башка инсектицид колдонулат. Гастроаилездон сактоо үчүн жайында ылаа учкан мезгилде жылкы түнкүсүн жайытта, күндүзү короо-сарайда багылат. 2%түү хлорофос эритиндиси жана 1%түү креолин менен жууп тазалайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү