Гастроэнтероколит - (гастрит...жана гр. enteron ичеги, kolon жоон ичеги) карын, ичке жана жоон ичегини бир мезгилде жабыркаткан сезгенүү оорусу. Ал кээ бир бактериялар жана вирустар, уу металлдар, щелочтор, спирт, дары-дармек менен ууланганда, дары жана тамактан болгон аллергияда көбүнчө катуу кармайт. Көп учурда бактерия жуккандан болот. Гастроэнтроколитке карын зилинин кычкылынын аз болуусу, витамин жетишсиздик, кара жумуш, алкоголь ичимдигин көп ичүү түрткү берет. Оору капысынан башталып, оорулуу кусат, ичи ооруйт жана өтөт, башы ооруйт, денеси ысыйт, алы кетип, кээде эстен танат. Жүрөк-кантамыр системасында бузулуулар болот. Аны убагында жакшы дарылабаса өнөкөт түрүнө өтөт. Ал демейде кандайдыр бир органды карынды (гастрит), ичке ичегини (энтерит) же жоон ичегини (колит) жабыркатат. Жеңил учурунда 5-7 күндө жакшы болуп кетет. Дарылоо ичеги-карын жолдорундагы сезгенүү процессине, инфекция жана ууланууга каршы жүргүзүлөт. Диетаны сактоо аз-аздан 5-6 жолу тамактануу, сүрсүгөн, туздалган, куурулган тамакты, кара нан, ынак сүт жана башка жегенге жана ичкенге болбойт. Белоктуу диета эт сорпосу, майдаланган эт, быштак, үч күн турган кефир, айран, майсыз сыр, кайнап бышкан балык эти, сууга бышкан ботко, кургатылган же каткан ак нан, лимон менен чай, компот берүү сунуш кылынат. Алдыналууда тамак-аштан уулануудан сактануу жана жеке гигиена эрежелерин сактоо, катуу кармаган гастроэнтроколитти жакшы дарылоо зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү