Гастроэнтерология - (гастро...жана гр. enteron ичеги, logos окуу) медицинанын тамак сиңирүү органдарынын түзүлүшүн жана функциясын, алардын ооруларынын өөрчүү механизмин, себептерин изилдөөчү, ооруну диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Гастроэнтрологиянын өнүгүшүнө 18-кылымдарда патологтялык-анатомиялык изилдөөлөрдү киргизүү чоң мааниге ээ болгон. 19-кылымдын 1-жарымында өзалдынча илим катары калыптанган. Рентгенологиялык изилдөө методдорунун өнүгүшү тамак сиңирүү органдарынын патол. өзгөрүүлөрүн аныктоого мүмкүндүк берди. Азыркы клиникалык практикада колдонулуучу аспаптык (гастроскопия, лапароскопия, ректоскопия, ультра үндүк изилдөө, радионуклиддик сканерлөө, ангиография, компьютердик томография жана башка) изилдөөлөр диагноздоо мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтти. Гастроэнтрологиянын теориясы менен практикасында тамак сиңирүү органдарынын зыяндуу шишигин алдыналуу методдорун иштеп чыгуу жана колдонуу улам чоң мааниге ээ болуудандан ичкери П. Павловдун тамак сиңирүү физиологиясы жөнүндөэмгектери гастроэнтрологиянын өсүшүнө чечүүчү таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү