Гаубица
Гаубица - мортирдик жана жантайма (бурчтун жантаюусу 70°) атуучу артиллериялык курал. Азыркы гаубицалардын калибри 105-203 мм, найы кыска. Снаряддын ылдамдыгы (300-800м/с гк), бат атуусу мүнөтүнө 10 ок атууну түзөт, атуунун алыстыгы 24 км чейин (жигердүү реактивдүү снаряд менен атса 30 км). Гаубицанын сүйрөтүлүүчү же өзү жүрүүчү түрлөрү бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4