Гафуров Абуталиб Гафурович

Гафуров Абуталиб Гафурович (21.11.1882, Дагстан, Шуни айылы 1975, ошол эле жер) лак акыны, Дагстан эл акыны (1939). Лак ыр түзүлүшүнө уйкаштыкты, сегиз муундуу ыр өлчөмүн киргизген, ыр аралаш проза жанрын түзгөн. Граждандык согушта партизан отрядында музыкант жана жоокер болгон. Алгачкы ырлары «Революциянын кадамдары» (1932) альманахында жарыяланган. «Жаңы дүйнө» жыйнагы (1934) чыккан. Элдин эмгектеги баатырдыгын, лак дыйкандарынын турмушун («Каалоо», «Тоолор», «Кули айылы») сүрөттөгөн ырлардын, кыска аңгеме-миниатюралардын, «Экинчи өмүр» (1970), «Абуталиб айтты...» (1975) аттуу ыр жыйнактарынын автору. Дагстан АССР Жогорку Советинин (бир нече шайланышынын) депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы жана башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү