Гашек Ярослав (30. 4. 1883, Прага 3. 1. 1923, Липнице) чех жазуучусу, сатирик. 20-кылымдын баш ченинде анын жол очерктери, юмордук сүрөттөмөлөрү жарыялана баштаган. Кийинки жазылган социалдык мүнөздөгү сатиралык аңгеме, фельетондорунда аскердик бийлик менен буржуазия мамлекеттик аппараттын бюрократизмин, моралын, мадабиятын, диний ырым-жырымын ашкерелеп, элдин оор турмушун көрсөтөт. 1915-ж. Австрия-Венгрия армиясына чакырылып, көп узабай орус аскерлерине туткунга түшөт. 1916-ж. Россиядагы чехословакиялык аскер бөлүктөрүндө кызмат кылган, аскер журналисти болуп иштеген. 1920-ж. ата-журтуна келип, чыгармачылыгын улантат. «Эргул жоокер Швейктин дүйнөлүк согуш мезгилинде башынан өткөргөндөрү» (1921-23) романында эл турмушунун реалисттик көрүнүштөрү курч сатиралык гротеск менен эришаркак берилген. Роман 30га жакын жолу экрандаштырылган. Чехословакияда Гашек музейи (Липницеде) ачылган. Чыгармалары: Собранные сочинения том 1-5. М., 1966.

Колдонулган адабияттар түзөтүү