Гватемала - (Гватемала ля-Нуэва) Гватемала Республикасынын борбору, Борбордук Америкадагы ири шаар. Калкы 1,1 млн (шаар айланасы менен 2,9 млн, 2006). Панамерика жолундагы ири жол тоому. Эл-аралык аэропорту бар. Метрополитен. Тамак-аш-татымал, текстиль, булгаары-буткийим, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Кафедралуу собор (1782-1815), Улуттук сарай, Плаза Майор аянты, Минерва паркы, унмверситеттер, инстититуттар, театр, филармония, улуттук опералык труппа, улуттук бий мектеби (бий балети менен), консерватория, искусство академиясы, музейлер (андан ичкери тарых жана асем өнөр, археол., этногр.) бар. 1524-ж. Сантьяго деген ат менен негизделген. Алаамат жер титирөөлөр (1917, 1918, 1976) болгон.

Гватемала.

Колдонулган адабияттар түзөтүү