Гезарт мөңгүсүКичи Алай тоо кыркасынын түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү.

Узундугу 8,5 км, аянты 9,8 км2. Аравансайдын сол курамы Чилисайдын төрүндө. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4900 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4350 м. Абляция облусунун аянты 5,3 км2. Көлөмү 0,83 км3. Мөңгү 1914-1963-жылдары 1 кмге чегинген. Мөңгүдөн Чилисай суусунун сол курамы Гезарт башталат.

Булактар түзөтүү