Гезарт чокусу
Гезарт чокусу — Кичи Алай кырка тоосунун эң бийик жери. Кырка тоонун ортоңку бөлүгүндө, Гезарт суусунун (Чилисайдын башы) төрүндө жайгашкан. Бийикт. 4955 м. Батыш капталы тик аскалуу келип, жылаңач, калган бөлүгү кар, мөңгүлүү.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4