Гейгер-Мyллер эсептегичи

Гейгер-Мyллер эсептегичи — заряддуу бөлүкчөлөрдү, нурларды каттоого жана изилдөөгө ылайыкталган прибор. Немис физиктери X. Гейгер менен В. Мюллердин ысымынан аталган. Ал ичинен абасы сордурулган узун айнек баллондон турат. Баллондун ички бети металл менен капталып, ал катоддун, баллондун узуну боюнча тартылган ичке зым аноддун милдетин аткарат. Баллон басымы 100-150 сым. мам. мм аргон же неон газы менен толтурулган. Катод менен аноддун ортосуна жетишерлик чоң чыңалуу берилгенден кийин баллонго кирген бөлүкчө өзүнүн зарядына, массасына жана ылдамдыгына жараша газды иондоштуруп, чынжырда ток импульсун пайда кылат. Ал импульс күчөтүү менен атайын санагычка берилет. Пайда болгон ток импульсуна жараша бөлүкчөнүн бир катар мүнөздөмөлөрүн да аныктоого болот. Гейгер-Мюллер эсептегичи ядролук изилдөөдө, радиоактивдүү минералдар кенин чалгындоодо, рентген нурларынын ургаалдуулугун өлчөөдө, биология, медицина, химия, металлография жана башка кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү