Гекла
Гекла, Xекла Исландиянын түштүк-батыш бөлүгүндөгү аракеттеги жанар тоо. Жарака тибиндеги жанар тоолорго кирет. Бийиктиги 1491 м. Андезит жана базальт лаваларынан турат. Акыркы 700 жыл ичинде 20дан ашык алаамат атылуулар болгон; 1766 жана 1947-48-ж. өтө катуу атылган, кийинки атылуусу 1980-ж. болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
Калып:Volcano-stub Калып:Mountain-stub Калып:Geo-stub Калып:IS-geo-stub