Гексаметилендиамин, 1,6-диаминогексан, NH2(CH2)6NH2 — түссүз кристалл түрүндөгү органикалык бирикме. Молекулярдык салмагы 116,2, эрүү t 42°C, кайноо t 204 205°C. Нымдуу абада түтөйт, көмүртектин кош оксидин өзүнө жакшы сиңирет. Суу, спирт, эфир, бензол жана башка органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Гексаметилендиаминдин амин тобу башка функциялык топторго оңой алмашат. Органикалык жана органикалык эмес кислоталар менен туздарды пайда кылат. Эки негиздүү кислоталар, альдегиддер жана кетондор менен конденсация жана поликонденсация реакциясына кирет; органикалык кислоталар менен кошуп ысытканда амиддер пайда болот. Ушул реакциянын негизинде андан баалуу полимерлер полиамиддер алынат. Өндүрүштө адипин кислотасынын динитрилин басым алдында катализдик гидрлөөдөн алынат. Гексаметилендиамин полиамид булаларын, полиуретандарды алууда кеңири колдонулат. Териге, дем алуу жолдоруна, көздүн былжыр челине күчтүү таасир тийгизет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү