Гексозалар, жөнөкөй канттар, С6Н12О6 молекуласында алты көмүртек жана алты кычкылтек атомдору бар моносахариддер (глюкоза, фруктоза). Гексозалардын башка моносахариддердей эле ациклдүү (ачык) жана циклдүү (туюк) формалары болот. Алты мүчөлүү циклден тургандыктан, пиранозалар деп аталат. Гексозалар даамы таттуу кристалл заттар. Сууда жакшы эрийт. Моносахариддерге мүнөздүү бардык химиялык касиеттерге ээ. Гликозиддер түрүндө табиятта эркин кездешет. Дижана полисахариддердин, гликопротеиддердин жана башка курамына кирет. Кычкылданып, тиешелүү кислоталарды, калыбына келтирип, спирттерди пайда кылат. Молекуласында альдегид тобу болгон гексозалар альдоздорго, ал эми кето тобу барлары кетоздорго кирет. Эң маанилүү гексозалар: D-глюкоза, D-манноза, D-галактоза, D-фруктоза, аскорбин кислотасы (C витамини). Булар табиятта кеңири таралган моносахариддер. Көбүнчө өсүмдүк жана жаныбарларда кездешет. Гексозалар калыбына келтиргич катары кездеме боёодо, медицинада жана тамак-аш өнөр жайында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү