Гектограф - (гекто... жана ...граф) кол жазма, текст жана сүрөттөрдү көбөйтүп чыгаруу үчүн колдонулуучу эң жөнөкөй аспап. Ал өзгөчө желатиндик (даам-жыты жок тунук желим) катмардын түп нускасынын боёгун кабыл алып, аны кайра кыстырылып турган кагаз барактарына түшүрүү касиетине негизделген. Гектографтан түп нусканын 100гө чейинки көчүрмөсүн алууга болот. 1869-ж. Россияда М. И. Алисов ойлоп тапкан. Бүгүнкү күндө гектограф бир канча өндүрүмдүү ротатор, ротапринтер жана башка менен алмаштырылды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү