Гелий (лат. Helium), Не — элементтердин мезгилдик тутумунун VIII тобундагы химиялык элемент.

Катар н. 2, ат. м. 4,003, тыгыздыгы 0,178. 1895-ж. англ. химик У. Рамзай клевеит минералынан бөлүп алган. Жер кыртышында массасы боюнча 3×10-7% түзөт. Абада көлөмү боюнча 0,0005% , жаратылыш газында 10%ке чейин кезигет. Ал космосто кеңири таралып, Күн, жылдыз атмосферасында жана метеориттердин курамында жолугат. Жаратылыш гелийи эки туруктуу изотоптон (4Не, 3Не) турат. Кадимки шартта түссүз, жытсыз, бир атомдуу инерттүү газ, кайноо температура 268,93°С. Кадимки басымда суюк гелий канчалык муздатса да катпайт. Жогорку басым алдында гана катууланат. Гелийдин атому ядродон жана эки электрондон турат. Иондошуу потенциалы бардык башка элементтердикинен чоң. Өнөр жайда жаратылыш газдарын өтө муздатуу жолу менен алынат; металл иштетүүдө, тамак-аш консервалоодо инерттүү чөйрө түзүү, өтө төмөнкү температура алуу үчүн жана атомдук энергетикада, физикалык лабораторияда колдонулат.

Булактар