Гелиобиология - (гелио... жана биология) биофизиканын жердеги организмдерге Күн активдүүлүгүнүн өзгөрүшүнүн тийгизген таасирин изилдөөчү бөлүмү. Күн активдүүлүгүнүн мезгилдүү (он бир жылда кайталанат) өзгөрүшү Күндүн рентген, ультра кызгылткөк жана радио нурлануусунун ылдамдыгынын өзгөрүшүнө алып келет. Күн нурлануусунун мезгилдүү өзгөрүшү жердеги организмдердин тиричилик аракетине таасир тийгизет. Күн активдүүлүгүнүн өзгөрүшү дарактардын жылдык шакектеринин өсүшүнө, эгиндин түшүмүнө, курт-кумурскалар, балык, жана башка жаныбарлардын көбөйүшүнө жана миграциясына, ошондой эле адам менен жаныбарлардын айрым ооруларынын пайда болушуна жана күчөшүнө таасир этери далилденген. Советтик окумуштуу А. Л. Чижевский нерв жана психикалык оорулардын күчөшүн Күн активдүүлүгүнүн өзгөрүшү менен байланыштырган. Энтомолог А. Н. Шербинский чегирткелердин мезгилдүү учуп келиши күн ыргагына (он бир жылда бир) туура келерин байкаган. Гематолог Н. А. Шульц Күн активдүүлүгүнүн өзгөрүшү адамдын канындагы лейкоциттердин санына таасир тпйгпзерин, француз врачы М. Фор жана башка окумуштуулар капысынан болгон өлүм жана өнөкөт оорулардын күчөшү да Күн активдүүлүгүнүн жогорулашына байланышгуу экендигин көрсөтүшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү