Гелиограф - (гелио... жана ...граф) 1) метеорологияда күн тийүүнүн узактыгын автоматтык түрдө жазып туруучу прибор. Ал экиге бөлүнөт: биринчиси күн нурунун жылуулук таасиринен иштесе, экинчиси химиялык процесстердин жардамы менен иштейт. Практикада көбүнчө Кемпбелл-Стокс гелиографы колдонулат. Ал күн нурун чогултуучу негизги бөлүгү дпаметри 94-96 мм келген айнектен жасалган шар. 2-түрү цилиндр формасында, үч тешиги бар. Гелиографтын тешиктеринен кирген күндүн нуру шкалаларга бөлүнгөн кагазга пзпн калтырып, ал боюнча күндүн тийиши канча убакытка созулгандыгы аныкталат. 2) Астрономияда Күндү сүрөткө тартуучу телескоп.

Колдонулган адабияттар түзөтүү