Гелиоорнотмо - күн нурунун энергиясын турмуш-тиричиликке колдонууга ылайыктуу энергиянын башка түрүнө (мис., жылуулук, электр энергиясына) айландыруучу түзүлүш. Гелиоорнотмо концентратордуу жана концентраторсуз болуп бөлүнөт. Биринчиси күн радиациясынын тыгыздыгы жогорулагандагы энергияны гелиоконцентратордун жардамы менен күчөтүп, экинчиси табигый тыгыздыктагы күн нурун башка энергияга айландырат. Концентраторсуз гелиоорнотмо сууну же абаны ысытууда, жашылча-жемишти жана материалдарды кургатууда, сууну тузсуздандырууда, электр-энергиясын алууда жана башка максаттарда пайдаланылат. Концентратордуу гелиоорнотмо «зыянсыздандыруучу» технологиялык шартта жогорку темпраны алуу үчүн кызмат кылат. Мындай гелиоорнотмонун п. а. к. 0,4-0,6. Күн нурун чогултуу үчүн параболалык, параболалыкка жакын жана парабола-цилиндрдик күзгүлөр колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү