Гельминтозооноздор (гр. hеlmins, hеlminthos курт жана zōon жаныбар, nоsos оору) — малдын гельминтоздор тобуна кирүүчү ылаңдар тобу. Адамга да жугат. «Гельминтозооноздор» терминин 1929-ж. К. И. Скрябин менен Р. С. Щульц киргизген. Биоген. адаптациянын негизинде облигаттык жана факультативдик болуп бөлүнөт. Облигаттык гельминттер киши жана жаныбарлардын кээ бир түрлөрү (сүт эмүүчүлөр, балыктар жана башка) менен байланышта болуп, ар кандай жол менен (тамак-аш, жем-чөп, суу жана башка аркылуу) ооруга чалдыктырат. Мисалы, киши дифиллоботриоз козгогучунун акыркы, эхинококкоз менен альвеококкоздун аралык, тениоз менен трихинеллёздо аралык жана акыркы ээси. Кээ бир гельминтозооноздордун козгогучтары (тениоз жана башка) кишиден жаныбарга (антропозоогельминтоздор), тескерисинче жаныбардан кишиге (трихинеллёз жана башка) жугушунда (зооантропогельминтоздор) экологиялык факторлордун ролу чоң. Гельминтозооноздордун бир тобу кишинин денесинде көбөйөт, бирок өнүгүү цикли аягына чыкпайт, көпчүлүк учурда алар ар кайсы ткандарда орун алып, оор патологиялык өзгөрүүлөргө дуушарлантат (чочконун аскаридасы, токсокарлар жана башка). Факультативдик гельминтозооноздор адамга жукса оору козгойт, эгерде жукпаса, өз алдынча өсүп, өөрчүп, көбөйүүгө жөндөмдүү. Д. Раимбеков.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү