Гемералопия (грек. ημέρα, «күн» жана грек. αλαός, «сокурлук») — күүгүмдө, түнкүсүн начар көрүү.

Гемералопия тубаса, симптомдук, ишдемдик болушу мүмкүн. Тубаса гемералопия балалык чакта жана өспүрүм куракта билинет. Оору көбүнчө тукум кууйт. Кээде бул оору менен үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү жабыркашы да мүмкүн. Симптомдук гемералопия көз ооруларында (көздүн тор кабыгынын дистрофиясы, көрүү нервинин атрофиясы) оорунун белгиси катары байкалат. Иштемдик гемералопия көбүнчө тамакта А витамининин жогунан же жетишсиздигинен пайда болот.

Оорулуу жарык жетишсизде, күүгүмдө, караңгы бөлмөгө киргенде бүдөмүк көрсө, жарык жетишээрлик болгондо жакшы көрүшөт. Тубаса гемералопия — айыкпайт, иштемдик гемералопияда дарылоодон кийин көздүн көрүүсү толук калыбына келет. Оорунун алдын алуу үчүн сапаттуу, витаминдүү, өзгөчө А витаминдүү тамактанып, түрдүү көз ооруларынан сактануу зарыл.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8