Гемолизиндер
Гемолизиндер — кандын эритроциттеринен гемоглобинди бошотуучу заттар. Бул учурда гемоглобин кан менен анын суюк бөлүгүндө эригендиктен кан өтө агыш болуп (тунуп) калат.
Гемолизиндер - көбүнчө бактериялардын (стафиллококк, стрептококк), мите курттардын, курт-кумурсканын, чаяндардын, кээ бир уулуу жыландардын (лизолецитиндер) тиричилик аракетинин туундулары. Гемолизиндер кандын сары суусунда болушу (нормалдуу Гемолизиндер) жана өз эритроцитин эритиши (аутогемолиз) мүмкүн. Алар көбүнчө жаныбарлардын эритроцитин ошол эле турдун канына (изолизиндер) же башка түрүнө куйганда (гетеролпзиндер) пайда болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.