Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк

Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк - Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16-күндүк кампания – аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк кампания. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрь, Эл аралык Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнү башталат жана 10-декабрь Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин созулат .Кампания 1991-жылы биринчи Аялдардын Глобалдык Лидерлик Институтунун активисттери тарабынан негизделген жана жыл сайын Аялдардын Глобалдык Лидерлиги Борбору тарабынан координацияланып келет. Бул дүйнө жүзү боюнча жеке адамдар жана уюмдар тарабынан аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакыруу үчүн уюштуруу стратегиясы катары колдонулат[1]

Маанилүү эл аралык күндөр жана даталар түзөтүү

25-ноябрь – Эл аралык Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнү.

1-декабрь – Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү.

3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү.

5-декабрь – Экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн ыктыярчылардын эл аралык күнү.

6-декабрь –Канадада аялдарга карата зомбулукка каршы улуттук эскерүү жана иш-аракет күнү катары белгиленип жаткан Монреалдагы кыргындын жылдыгы.

10-декабрь –  адам укуктарынын эл аралык күнү жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын бир жылдыгы

10-декабрь адам укуктарынын эл аралык күнү жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жылдыгы[2]

16 күндүк кампаниянын темалары түзөтүү

Жыл сайын Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк кампаниясы же жаңы теманы киргизет же эски теманы улантат. Тема гендердик теңсиздиктин белгилүү бир тармагына көңүл бурат жана бул маселелер боюнча маалымдуулукту жана таасирин жогорулатууну көздөйт. Аялдардын Глобалдык Лидерлиги Борбору жыл сайын катышуучулар кантип катыша аларын жана өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн кампанияны чагылдырган "Аракеттер топтомун" жөнөтөт.[3]

1991-1992 - "Аялдарга карата зордук-зомбулук адам укуктарын бузат".

1993  –«Үй-бүлөдөгү демократия», «Үй-бүлөнүн демократиясы», «Демократия бардыгы үчүн»

1994 – ««Маалымдуулук, жоопкерчилик, аракет: аялдарга карата зомбулук адам укуктарын бузат»

1995 – "Вена, Каир, Копенгаген жана Пекин: аялдардын адам укуктарын мекенине алып келүү"

1996 – "Аялдардын адам укуктарын үйгө киргизүү: биздин көз карашыбызды ишке ашыруу"

1997 – "Үйдө жана дүйнөдө адам укуктарын талап кылуу"

1998 – «Адам укуктарын урматтоо маданиятын түзүү»

1999 – "Зордук-зомбулуктан эркин болуу убадасын аткаруу"

2000 – "Кампаниянын 10 жылдыгын белгилөө"

2001 – "Расизм жана сексизм: мындан ары зордук-зомбулук болбосун"

2002 – "Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы маданиятты түзүү"

2003 – "Аялдарга карата зордук-зомбулук адам укуктарын бузат: Венадан он жыл өткөндөн кийин (1993–2003) уланган импульс"

2004 – "Аялдардын ден соолугу үчүн, дүйнөнүн ден соолугу үчүн: мындан ары зомбулук жок"

2005 – "Аялдардын ден соолугу үчүн, дүйнөнүн ден соолугу үчүн: мындан ары зомбулук жок"

2006 – "16 жылды 16 күн менен белгилеңиз: адам укуктарын өнүктүрүү – аялдарга карата зомбулукту токтотуу"

2007 – «Ишке ашырууну талап кылуу, тоскоолдуктарды жеңүү: аялдарга карата зомбулукту токтотуу”

2008 – «Аялдардын адам укуктары – Бардыгы үчүн адам укуктары: UDHR 60» Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 60 жылдыгына арналган

2009 – "Милдеттенме, аракет, талап: биз аялдарга карата зомбулукту токтото АЛАБЫЗ!"

2010 – «Структуры насилия: определение точек пересечения милитаризма и насилия в отношении женщин»

2011 – 2014 «Үйдөгү тынчтыктан дүйнөдөгү тынчтыкка: билим берүүнү ар бир адам үчүн коопсуз кылуу!»

2015-2016  – «Үйдөгү тынчтыктан дүйнөдөгү тынчтыкка: билим берүүнү ар бир адам үчүн коопсуз кылуу!»

2019 – «Жумуштагы гендердик зомбулукту токтотуу

2020 – «Жумушта гендердик зомбулукту токтоткула». Өзгөчө көңүл формалдуу эмес сектордо иштеген аялдарга бурулду, алар COVID-19 пандемиясынан катуу жапа чеккен

2021 – кампаниянын 30 жылдыгы белгиленген. Тема үй-бүлөлүк жана жумуштагы зомбулукка арналган. Атайын юбилейлик тема да “Фемицидди токтотуу” деп аталган

2022 – "Фемицидди токтотуу ". Ага көбүрөөк дуушар болгон аялдардын топторуна өзгөчө көңүл буруу менен улантылды

2023 – "Зордук-зомбулук боло электе токтотуу үчүн алдын алуучу стратегияларды каржылоонун маанилүүлүгү"[4]

Булактар түзөтүү

  1. Кыргызстанда Гендердик Зордук Зомбулукка каршы 16-күндүк кампания башталды.Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасы. https://kyrgyzstan.un.org/ky/102343-%D0%BA%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%BD%D0%B4%D0%B0-%D0%B3%D0%B5%D0%BD%D0%B4%D0%B5%D1%80%D0%B4%D0%B8%D0%BA-%D0%B7%D0%BE%D1%80%D0%B4%D1%83%D0%BA-%D0%B7%D0%BE%D0%BC%D0%B1%D1%83%D0%BB%D1%83%D0%BA%D0%BA%D0%B0-%D0%BA%D0%B0%D1%80%D1%88%D1%8B-16-%D0%BA%D2%AF%D0%BD%D0%B4%D2%AF%D0%BA-%D0%BA%D0%B0%D0%BC%D0%BF%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D1%8F-%D0%B1%D0%B0%D1%88%D1%82%D0%B0%D0%BB%D0%B4%D1%8B
  2. United Nations. International Days and Weeks.https://www.un.org/en/observances/international-days-and-weeks
  3. The Annual Themes. The Center for Women's Global Leadership. http://16dayscwgl.rutgers.edu/about/the-annual-themes
  4. Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү “Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк активдүүлүк” кампаниясы башталды.https://mlsp.gov.kg/2023/11/24/kyrgyzstanda-zhyl-sajyn-%D3%A9t%D2%AF%D2%AFch%D2%AF-ayaldarga-karata-zombuluktu-zhoyuu-boyuncha-16-k%D2%AFnd%D2%AFk-aktivd%D2%AF%D2%AFl%D2%AFk-kampaniyasy-bashtaldy/