Гендердин чиркелүү топтору
Гендердин чиркелүү топтору - ар бир хромосомада тукумга биргелешип бериле турган көп түрдүү ген орун алган. Жеке хромосомада жайгашкан бардык гендер чиркелешип, чиркелүүнүн бир тобун түзүшөт. Ар бир түрдөгү организмдердин чиркелүү тобунун саны, хромосомалардын гаплоиддик санына барабар болот. Мисалы, жемиш чымынынын чиркелүү тобунун саны-4, буурчактыкы -7, жүгөрүнүкү -10, томаттыкы -12, адамдыкы -23 жана башка Бирок бир хромосомада орун алган гендер бири-бири менен 100 % чиркелишпеси белгилүү, башкача атйканда чиркелүүсү толук эмес. Хромосомадагы гендердин бири-бири менен чиркелүүсү жана анын кроссинговер, хромосомалардын кайчылашуу учурунда бузулуусу, амер. генетик Т. Моргандын лабораториясында, жемиш чымыны менен жүргүзүлгөн тажрыйбаларда далилденген. Адамда 23 гендин чиркелишкен тобу болот. Булардын 22, аутосомдордо орун алган, алардын ар биринде бир нече жүз гендер жайгашкан. Жүздөн ашык ген жыныс хромосомаларында орун алышкан. Сүт эмүүчүлөрдө, ошондой эле адамда, Х жана Y хромосомаларда гомол. бөлүктөр бар, анда синапсис жүрөт жана кайчылышуусу мүмкүн.
Адамдын жыныс хромосомасында орун алган бардык гендерди, алардын кайсы бөлүгүндө жайгашканына карата 3 топко бөлүүгө болот. Биринчи топ жыныс менен чиркелишкен. Буга Y хромосомада гомол. бөлүгү жок, Х хромосомада орун алган гендер киришет. Алар жыныс менен толук чиркелишкен, Х хромосома аркылуу гана, тукумга берилет. Буларга гемофилия, [[Түс тааныбоо (дальтонизм)|дальтонизм]] ооруларын жана башка маалыматтаган рецессивдик гендер кирет. Экинчи топту - Y хромосоманын окшош эмес бөлүгүндө орун алган аз сандагы гендер түзөт. Алар эркек организмде кезигет жана атасынан уулуна берилет. Буларга гипертирихозду (кулактын жүндүүлүгү), ихтиозду (териси балыктыкындай катуу кабык менен капталган) маалыматтаган гендер кирет. Үчүнчү топ - жыныс хромосомаларынын окшош бөлүктөрүндө, башкача атйканда Х жана Y хромосомалардын гомол. жеринде орун алган гендер, алар жыныс менен толук эмес чиркелишкен деп аталат. Алар Х , ошондой эле Y, хромосома менен жана бир хромосомадан, экинчи хромосомага кроссинговердин натыйжасында берилүүсү мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4