Генералдык штаб— бардык борб. жанa жерг. аскер мекемелерлн башкаруучу жог. аскердик орган.

Генералдык штаб кызматы 16—17-кылымда панда бол­гон. Россияда 18-кылымдын башынан Генералдык штабдын чиндери ж-a квартирмепетерлик чиндер киргизилген. СССРде 1918-ж. май айында Бүткүл россиялык башкы штаб түзүлгөн. 1921-ж. февралда Талаа штабы м-н бириктирилип, Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясынын ЖДКА штабы деп аталган. Анын биринчи начальниги М. В. Фрунзе штабды өркүндөтүү үчүн көп эмгек сиңирген.

Улуу Ата Мек. согуш (1941—45) убагында Генералдык штаб (начальниктери — Б. М. Шапошни­ков, А. М. Васильевский, А. И. Анто­нов) Жог. Башкы командованиенин Ставкасынын негизги органы болгон. Сов.Генералдык штаб Куралдуу Күчтөрдун түрлөрүнүн башкы штабдарынын. оорук (тыл) штабынын, Коргоо мин-восунун башкы ж-a борб. башкармаларынын макулдашылган иш-аракетин камсыз кылат. 1946-жылдап Генералдык штаб СССР Ку­ралдуу Күчтөрүнүн Ген. штабы деп аталды. 1953-жылдын мартынан Генералдык штабдын начальниги СССР коргоо миннистринин биринчи орун басары да болуп саналат. СССР ж. б. соц. өлкөлөрдө Генералдык штаб Коргоо мин-волорунун составына кирет ж-a коргоо министрлерине баш иет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.