Генерация органдары (лат. generatio туулуу, өндүрүү) өсүмдүктөрдүн жыныстык көбөйүү кызматын аткаруучу органы. Жыныссыз жана вегетациялык көбөйүү органдары менен бирге репродукциялык органдарга кирет. Жөнөкөй эукариоттордун (кээ бир балырлар, эңилчектер) генерация органдары физиологиялык жактан гана айырмаланып, аталык жана энеликке анча дифференциацияланбайт (гетероталлизм). Эволюциянын жүрүшүндө жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн генерация органдары татаалданып, антеридийге (аталык гаметага) жана оогонийге (энелик гаметага) дифференциацияланган. Андан кийинки гаметангийлер (мисалы, күрөң балырлар) бөлүнүп, алардан татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн (мамыкчөптөр, папоротниктер, кыркмуун, плаун) көп клеткалуу генерация органдары антеридий жана архегоний пайда болгон. Жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн генерация органдары редукцияланган. Жабык уруктуу (гүлдүү) өсүмдүктө неотония кубулушу жана көбөйүү цикли кыска болгондуктан, 2 клеткалуу аталык жана түйүлдүк кабы же энелик жыныс гаметофиттери пайда болот. Генерация органдары түшүнүгү көп учурда гүл менен уруктарга тиешелүү. Жаныбарда генерация органдары жыныс органдары деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү