Геномдук мутациялар
Геномдук мутациялар — хромосомдордун санынын өзгөрүшү, менен байланышкан мутациялар. Буга полиплоидия (к. Полиплоидия) жана гетероплоидия (к. Гетероплоидия) кирет. Жыныс клеткаларында хромосомдордун гаплоидиялык жыйындысы (n) болот, ал эми уруктанган жумурткада (зиготада) жана дене клеткаларында диплоиддик (2n) жыйындысы болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4