Геоботаникалык карталар

Геоботаникалык карталар, өсүмдүктөр картасы – аймактардагы өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүктөрүнө, жана бот. негизги белгилерине (ассоциациялары, формациялары ошондой эле алардын комплекстери жана бирикмелери) жараша түрдүү масштабда кичирейтилип кагазга түшүрүлгөн чиймеси. Г. к-нын аткарган милдети жана түзүлүшү боюнча универсалдык жана адистештирилген болуп бөлүнөт. Универсалдык Г. к-да өсүмдүктөрдүн тарыхый өнүгүшүндө түзүлгөн бирдиктердин жайгашуусун, алардын ички жана сырткы себептериндеги, шарттарынын таасири менен өзгөрүштөрүн мисалы, токойду кыйгандан кийин шалбааларга же бозоңдорго жана мурдагы бетеге, шыбактуу дыңдарды айдагандан кийин эгин же башка айдоо жерлерге айланышы. Адистештирилген г. к-да өсүмдүктөрдүн (жайыт, токойу, чөп чабык, өсүмдүк байлыгынын запастары) эл чарбасындагы пайдаланылышына карата болгон өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт. Г. к. ири (1:500-1:25000) орто (1:300 000-1:1000 000) же майда (1:1500000-1:5000000) масштабдуу болуп бөлүнөт. Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында ар түрдүү масштабдагы бир нече Г. к. түзүлгөн. Алардын ичинде Кыргызстандагы өсүмдүктөр картасы жана дагы областтардын Г. к. бар.

Pinguicula alpina.

Колдонулган адабияттар түзөтүү