Географиялык абал жер бетиндеги кандайдыр бир пункттун же ареалдын андан тышкары жаткан объект же аймакка карата жайгашуу абалы. Математикада Географиялык абал ошол пункттун же жердин узундугу жана кеңдиги; физикалык географияда алардын физико-географиялык объектиге (тоо, дарыя, көл, деңиз, океан жана башка) карата абалы. Экономикалык жана саясий географияда Географиялык абал өлкөнүн, райондун, кыштактардын жана башка объектилердин башка экономо- географиялык объектилерге (жол катнашы, рынок, чарба борборлору жана башка) жана физико - географиялык объектилерге карата абалын билдирет. Географиялык абал өлкөнүн, райондун, шаардын өнүгүшүнүн зарыл шарттарынын бири. Географиялык абалдын практикалык мааниси түрдүү коомдук-экономикалык формацияда өзгөрүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү