Географиялык чөйрө адамдын иш-аракетинин чөйрөсүнө кирген жана коомдук жашоосуна зарыл шартты түзгөн жер табияты. Географиялык чөйрө түшүнүгүн алгач Ж. Ж. Э. Реклю сунуш кылган, кийин аны Л. И. Мечников, Г. В. Плеханов, А. А. Григорьев, С. В. Калесник, Ю. Г. Саушкин, В. А. Анучин жана башка өркүндөткөн. Ал адамдын жашоо-тиричилиги менен чарбалык иш-аракетинин негизинде кандайдыр бир даражада өзгөрүүгө дуушар болсо да, коом менен тыгыз байланышта болот. Анын төрт белгиси бар: 1) жердин коомду курчап турган бир бөлүгү; адамзат Жерден сыртка чыкса да, географиялык чөйрөнү өзү менен кошо алып кете албайт, анткени ал башка планетада башка чөйрө менен кездешет; 2) адамзат коомун курчап турган табигый кабык, адамсыз эле пайда болуп, анын таасирине карабай, өзалдынча Жердин географиялык кабыгындагы законченем менен өнүккөн жаратылыш комплекси. Ал эми адамдын ою менен эмгегинин натыйжасында пайда болгон чөйрөнүн элементтери географиялык чөйрөнүн курамына кирбей, коомдун техногендик чөйрөсүн (шаар, завод, электрстанция жана башка) түзүп, географиялык чөйрө менен тыгыз байланышта болот; 3) табият менен коомдун бири-бири менен өзара аракеттенип турган аймагы, бул аймактан сырткары жаткан аймактар географиялык чөйрөгө кирбейт, бирок ага кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн (CO2 газынын өлчөмүнүн Жер атмосферасында көбөйүшү, атом куралын жардыруудан кийин радиоактивдүү жаан-чачындардын түшүшү жана башка); 4) адам коому өз мүдөөсүнө жараша улам жаңыдан өздөштүрүп жана кеңейтип турган мейкиндиктер. Географиялык чөйрө мурдагыга караганда азыр бир топ кеңейди. Кээ бир окумуштуулардын географиялык чөйрөнү географиялык кабык менен теңөөсү негизсиз. Анткени географиялык чөйрө адамзат коомунун өнүгүшүнө байланыштуу мейкиндик боюнча өрчүйт, ал эми географиялык кабык ордунда калат. ИТРдин (20-кылымдын ортосунан) коомдун географиялык чөйрөгө таасири планетардык деңгээлге жеткенине байланыштуу, экол. проблемалар (чөйрөнүн булганышы, табият ресурстарынын азайышы жана башка) кескин түрдө курч мүнөзгө ээ болду. Бул болсо өз кезегинде географиялык чөйрөнүн сапатынын өзгөчө ресурс катары илим жагына жана жаңы технологияларга салыштырмалуу жогору бааланышына алып келген. Адамзат коомуна коркунуч туудурган экол. проблемалар географиялык чөйрөнүн терс трансформациясына байланыштуу. Ошондуктан чарбалык иштерди түп тамырынан бери өзгөртүп, туруктуу өнүгүүнүн жаңы жолдорун издөө талап кылынат. Ошондой эле географиялык чөйрөгө бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн социол. чөйрөсүндөгү жагдайсыз процесстер да терс таасирин тийгизет. Географиялык чөйрө менен коомдун өзара карым-катнашын гармониялаштыруу адамзаттын глобалдык проблемаларынын бири. Келечекте, географиялык чөйрө бүткүл географиялык кабыкты ээлеп, Жерден айрылбай анын чегинен сырткары аймакты ээлеши да ыктымал. Географиялык кабык адамзат коомунун географиялык чөйрөсү болуп, геологиялык акыркы мезгилде (алгачкы палеолит) таанылган. Географиялык эмгектерде Географиялык чөйрөнүн өзүнө адамзат коомун (эмгек куралдары, адам колунан жаралган буюмдар жана объектилер жана башка) кошкон учурлар да болгон. Географиялык чөйрө коомду өнүктүрүүнүн туруктуу жана зарыл шарттарынын бири. Ал коомдун өнүгүшүн акырындатып же ылдамдатып коюшу мүмкүн, бирок коомдук прогресстин чечүүчү фактору боло албайт. Себеби табият менен коомдун өзгөрүшүнүн өзгөчө закондору бирдей болгону менен, өзгөрүүнүн темпи түрдүү келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү