Геодезиялык пункт - жер бетиндеги алган орду геодезиялык ченөөлөр менен координаталардын жана бийиктиктин тигил же бул системасында аныкталган чекит. Геодезиялык пункттун координаталары көбүнчө триангуляция ыкмасы менен аныкталат. Бул учурда Геодезиялык пункт триангуляция же тригонометриялык пункт деп аталат. Эгер Геодезиялык пункт полигонометрия ыкмасы менен аныкталса, ал полигонометрия пункту деп аталат. Геодезиялык пункттун бийиктиги нивелирлөө ыкмасы менен аныкталат. Триангуляция, полигонометрия жана нивелирлөө пункттары белгилүү бир тереңдикке темир-бетондон курулуп, жер бетине атайын белгилер коюлат Өз ара байланышкан Геодезиялык пункт геодезиялык тармакты түзөт. Ал жер бетинде жүргүзүлүүчү топографиялык изилдөөлөрдүн, ар түрдүү инженердик жумуштар менен эл чарбасындагы геодезиялык ченөөлөрдүн негизи болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү