Геодезиялык тармак
Геодезиялык тармак – жер бетинде атайы геодезиялык белгилер түрүндө орнотулган чекиттердин (пункттардын) системасы. Геодезиялык пункттардын географиялык өз ара жайгашуу абалы план жана бийиктик боюнча геодезиялык ченөөлөрдүн натыйжасында аныкталып, өтө керек маалыматтар катары дайыма такталып турат. Тактоодо Жердин жасалма спутниктеринен жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжалары да пайдаланылат. Геодезиялык тармак топографиялык карталарды түзүүдө алардын негизи жана белгилүү бир жерге дал байланыштыруу муктаждыгындагы инженердик изилдөө жана курулуш тургузуу жумуштарынын башкы таяныч пункттары болуп эсептелет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4