Геоид (гео... жана грек тилинде еidos көрүнүшү) – жердин океан жана деңиздин (толкунсуз, агымсыз, ташкынсыз ж. б.) деңгээл бети менен чектелип, ал беттин уландысы материктер аркылуу көңүлдө гана болжолдоп жүргүзүлгөн мейкиндик конфигурациялык турпаты (фигурасы). Ал Жердин тегизделген турпаты катары кабыл алынган. Геоиддин бети оордук күчүнүн потенциалынын деңгээли көрсөткөн беттердин бири. Ал материктердин алды боюнча божомолдуу түрдө созулуп, оордук күчүнө бардык жактан перпендикуляр болгон туюк фигураны пайда кылат. Геоиддин бети жердин физикалык бетине караганда жылмакай келет. Анткени физикалык бетте тоолор жана океан кобулдары байкалат. Геоид жөнүндө түшүнүк Жердин фигурасын планета катары караган көптөгөн көз караштардын натыйжасында куралган.

1: океан; 5 : Геоид

Бул терминди 1873-ж. И. Листинг сунуштаган. Геоидден нивелирдик бийиктиктер өлчөнөт. Геоиддин чегинүүсүнүн орточо чоңдугу жакшы тандалган жер сфероидине салыштырмалуу ±50 мди, ал эми максималдуу чегинүүсү Жер кыртышына жана жогорку мантиянын калыңдыгы менен тыгыздыгына байланыштуу ± 100 мди (200 мден ашпайт) түзөт. Геоидди изилдөө геодезиянын максаттарынын бири. Геоиддин формасы Жердин жасалма спутниктеринин жардамы аркылуу аныкталган. Азыркы геодезияда М. С. Молоденскийдин теориясына ылайык Геоид квазигеоид менен алмаштырылган; ал Геоидден бир аз гана айырмаланат; бирок анын аныктамасы Жердин ички түзүлүшү боюнча түшүнүктү талап кылбайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү