Геокосмостук коопсуздук

Геокосмостук коопсуздук – жер шарын, адамзатты жана биосфераны космостук табигый таасирден (астероид, комета ж.б.) жана космостогу антропогендик иш-аракеттен пайда болгон коркунучтан сактоо чараларынын жыйындысы. Биринчи жолу космостук апаат коркунучу жөнүндө космонавтика теориясынын негиздөөчүсү К. Э. Циолковский айтып чыккан. Бирок, бүгүнкү күндө космосту терең өздөштүрүүгө караганда биосфераны жана Жер планетасынын өзүн астероид менен кометалардын түшүүсүнөн сактоо курч маселеге айланууда. Диаметри 2 км жана андан ашык асман телосунун түшүүсү глобалдык, 0,5-2 кмге чейинкиси региондук, ал эми 0,5 кмден кичинеси локалдык деңгээлдеги (Тунгус, 1908; Сихотэ-Алинь, 1947) апаатты жаратышы мүмкүн. Ушундай апаатты пайда кыла алчу миңдеген астероиддер Жерге жакын учуп жүрөт. Адамзатка жана биосферага коркунуч туудурган мындай асман телолорун ядролук ракеталар менен атуу аркылуу бир нече миңдеген км бийиктиктен жок кылууга, ошондой эле астероиддердин учуу орбитасын өзгөртүү ж. б. ыкмалар менен коркунучту азайтууга болот. Астероиддерден сактануу азыркы учурдун маанилүү маселелеринин бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Asteroid-stubКалып:Astronomy-stub