Геократон мезгилдери (жер тарыхында) – жердин өнүгүшүнө тектоникалык кыймылдын таасиринен жер кыртышы көтөрүлүп, деңиз суулары тартылып, кургактык аянтынын бир кыйла кеңейген учурлары. Геократон мезгилдери жана анын карама-каршы болгон талассократон мезгилдери Жердин өнүгүү тарыхында эчен ирет алмашып, бир эле убакытта бир нече континентти кучагына алган. Геократон мезгилдерие силурдун аягы девондун басымдуу бөлүгү, таш көмүр мезгилинин аягы, пермь бүт, триастын бир бөлүгү, неоген жана антропоген кирет. Геократон мезгилдери үчүн ариддүү жана суук климаттык зоналардын кескин кеңейиши, континенттик кызыл түстүү чөкмөлөрү (эол, аллювий жана көл чөкмөлөрү), өтө туздуу (доломит, гипс, таш туз) лагуналары бар туюк жана жарымжартылай туюк деңиз алаптары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү