Геологиялык кылым
Геологиялык кылым — геологиялык ярусту түзүүчү тоо тек катмарларынын пайда болушуна кеткен убакыт бирдиги.
Радиологиялык аныктоолор б-ча анын узактыгы палеозой заманында 10 млн, мезозой менен кайнозойдо 5—6 млн жылга жакын. Геологиялык кылым өзүнө тийиштүү ярустун аты менен аталат (мис., төмөнкү кембрий мезгилинин алдан кылымы). Бир нече Геологиялык кылым. геологиялык доорду түзөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.