Геоморфологиялык кооптуулук
Геоморфологиялык кооптуулук – кандайдыр бир геоморфологиялык объектиге байланыштуу пайда болгон коркунуч, апаат ж. б. кырсык. Ага рельефттин өзгөчө формалары жана элементтери, мисалы, салаңдаган аскалар жана жарлар, этеги табигый же атайын кесилүүгө дуушарланган туруксуз капталдар ж. б. кирет. Айрыкча бүгүнкү тоо тек массаларын кайра оошуусуна алып келип, жер бетинин түзүлүшүн өзгөрүүгө дуушарланткан рельеф пайда кылуучу азыркы таасири зор процесстердин (көчкү, жеркөчкү, сел, карсттык жана сейсм-тектоникалык туңгуюктар, шамал эрозиясы, аккумуляция ж. б.) натыйжасында адамдарга жана коомдун чарбалык иштерине зыян келтирген кризистик абал, кырсык же болбосо апаат жаралышы мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4