Георгиевка турак дөңсөөсү

Георгиевка турак дөңсөөсү - таш доорундагы турак жай.

Ал б. з. ч. 40 мининчи жылдардагы орто палеолит дооруна таандык.

1967-ж. В. А. Ранов жана М. Б. Юнусалиев тапкан. Турак жай Фрунзе шаарынан 20 км аралыктагы Георгиевка поселкасынын жанында (Чүй суусунун сол жээги). Андан ар түрдүү буюмдар казылып алынган. Алардын көбү -учтуу куралдар, бычактар жана кыргычтар. Ал табылгалар көбүнчө нелеваллуар индустриясына мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.