Георгий Валентинович Плеханов (29. 11(11. 12).1856 - 30. 5. 1918) - марксизм теоретиги жана пропагандисти, россиялык, эл аралык жумушчу жана социалисттик кыймылдын ишмери.

  • Орус дворянынын үй-бүлөсүнөн.
  • Воронеждеги аскер гимназиясын бүтүп, 1874-ж. Петербург тоо институтуна кирип, революциячыл кыймылга катышканы үчүн андан кетүүгө аргасыз болгон.
  • 1875- жылдан революциялык ишке белсене киришкен. «Жер жана эркиндик» коомунун программасын түзүүгө катышкан.
  • Падышалык полициядан жашырынып, 1880-ж. Швейцарияга кеткен.

80-жылдардын башында Плеханов соцталисттик адабияттардан, К. Маркс, Ф. Энгельстин эмгектеринен таалим алган, батыш европалык жумушчу кыймылы менен таанышкан. Натыйжада Плеханов 1883-ж. народниктер кыймылынан биротоло кол үзүп, марксчылар тарабына өткөн.

1883-ж. П. Женевада «Эмгекти боштондукка чыгаруу» деген марксчыл уюм түзүп, анын программасын иштеп чыккан. Ал уюм Россияда К. Маркс менен Ф. Энгельстин эмгектерин орус тилине которуп жайылтууда коп иш аткарган; анын программасында ошо кездеги орус марксчыларынын милдеттери менен максаттары белгиленген. «Социализм жана саясий күрөш» (1883) ж. б. эмгегинде Плеханов народниктердин идеологиясына сокку урган.

Плеханов философиляык эмгектеринде тарыхый материализм, философиянын тарыхы, бурж. социологияны сындоо маселелерине көп көңүл болгон. Алардын баалуусу - «Тарыхка монисттик көз караштын өөрчүшү жөнүндөгү маселеге карата» (1895). Бул эмгегинде Плеханов 18-19-кылымдагы дүйнөдөгү коомдук ойду революциячыл марксизм позициясында карап, марксизмдин пайда болушу бүткүл коомдук ой-пикирдин мыйзам ченемдүү натыйжасы экенин далилдеп, диалек. материализмдин мурдагы бардык филос. системалардан артык экенин, терен илимийлигин жана таасирдүүлүгүн көрсөткөн. Ленин Плехановдун Бернштейн, Струве ж. б-дын ревизионизмине каршы жазган эмгектерин жогору баалаган Плеханов - орустун коомдук ой-пикиринин тарыхын илим жолу менен иштеп чыккан тунгуч марксист.

Ал адабиятта орус революциячыл демократтарынын, айрыкча Н. Г. Чернышевскийдин материализмин биринчи баамдаган. Орус революциячыл демократтарынын эстетикасындагы негизги жоболорду пропагандалап жана өнүктүрүп, Плеханов тарыхты материалистке түшүнүүгө таянганда гана илимий эстетика алга жыла ’аларын белгилеген («Искусство жана адабият», 1948, 69-6.). Плеханов адабият менен искусство тан күрөшүнө көз каранды болоорун баамдаганы менен, адабият менен искусствогу парт, принципти түшүнө алган эмес.

Плеханов эмгектери менен маркстик илимге кыйла баалуу салым кошсо да, революциячыл марксизм позициясында бекем тура албай, 20-кылымдагы орус турмушунун конкреттүү шартына марксизмдин пролетариат диктатурасы, жумушчу менен дыйкандардын союзу жөнүндөгү окуусун колдоно албаган. 1900-03-ж., II. Ленин менен бирге «Искра» жана «Заря» газетасын башкарып турганда, Ленин экөөнүн ортосунда жумушчу кыймылынын түпкүлүктүү маселелери боюнча олуттуу пикир келишпестиктер байкалган. Экинчи съездден кийин Плеханов меньшевиктер тарапка өтүп кеткен. 1905- 07-жылкы революция мезгилинде Плеханов либералдар менен союз түзүү талабын коюп, Док. куралдуу көтөрүлүшүнүн (1905) чыгышын жактырган эмес.

Биринчи дүйнөлүк согуш убагында коргонуу ураанын жактап, социал-шовинисттик иш жүргүзгөн. В. И. Ленин Плехановдун оппортунизми менен шовинизмин, меныневикчил каталарын, марксизмден кайтканын катуу сынга алган.Февр. революциясынан (1917) кийин Плеханов Россияга кайтып келип, Убактылуу өкмөттү колдогон. Октбярь соц. революциясын кабыл алган эмес, бирок башка меньшевиктер сыяктуу Совет бийлигине каршы күрөшкөн да эмес. Коммунисттик партия Плехановдун иш-аракетинин жана чыгармачылыгынын айрым моменттерине, асыресе анын теориялык жана тактикалык жаңылыштыгына сын көз менен карайт, бирок анын революциялык кыймылга, маркстик ойду өөрчүтүп, калкка жайылтууга сиңирген эмгегин жогору баалайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.